Бишкектеги "Сармерден" кафесине 17 миң сом айып салынды
Бишкектин Тунгуч кичи районунда жайгашкан "Сармерден" кафесине 17 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.Буга чейин социалдык тармакта "Сармерден" ("Чоно Трейд" ЖЧК) ресторанынын өкүлдөрү тамак-аш калдыктарын канализацияга төгүп жаткан видео тасма жарыяланган.
Кечээ, 9-декабрда Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери "Бишкексууканал" ишканасы менен биргеликте кайрылууну жеринде карашты.
№6 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан аталган кафенин ээсине 17 миң сомго кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык протокол түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















