Ысык-Көлдө Кызыл-Кыя-Башарын жайлоосуна бара жаткан туристтер бороондо калды (видео)
Ысык-Көлдө жайлоого бара жаткан туристтердин унаасы кар күрткүгө тыгылып, куткаруучулар жардамга барышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя-Башарын жайлоосуна бара жаткан Nissan Patro үлгүсүндөгү унаа кар күрткүгө тыгылып, өз алдынча чыга албай калган.
Унаада 5 адамдан турган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү Казакстандын жарандары болгон. Алар "Каракол" лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен.
Жерине ыкчам түрдө ӨКМнын 4 куткаруучусу, Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 куткаруучусу тартылып, кар күрткүдө калган үй-бүлөнү унаасы менен сүйрөп чыгарып беришкен.
Учурда туристтердин абалы канааттандырарлык. Аба ырайы турукташканча Каракол шаарында калышкан.
Ысык-Көлдө туристтер бороондо калды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















