Жалал-Абадда дагы бир сойкулук менен алектенген кыз кармалды
Жалал-Абад облустук милициясы сойкулук менен алектенген дагы бир кызды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иши катталган.
"Жалал-Абад облусунда жүрүп жаткан “Притон” операциясы учурунда Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө жана Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде Сузак районунун тургуну 1989-жылы туулган А.Д. аттуу кыз сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталып, тергөөгө камсыз кылынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















