Бишкекте асыл тукум жылкылардын көргөзмөсү өтөт
Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында 16-декабрда адистештирилген "Кыргыз тулпарлары" көргөзмөсү жана жылкы аукциону өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.Ага ылайык, иш-чаранын максаты — Кыргызстандын чарбаларында өстүрүлгөн асыл тукум жылкылардын деңгээлин баалоо. Ошондой эле тажрыйба алмашуу, машыктыруучу курамдын спорттук ат чабыш маданиятын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.
"Министрлик кыргыз фермерлерине жана малчыларына жылкы сатууга жардам берүүгө белсенген. Аны менен катар ата мекендик селекциядагы жылкыларды популяризациялоо жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Көргөзмөнүн алкагында асыл тукум жылкыларды багуу менен алектенген саяпкерлер сыйланат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















