super.kg logo
  Саясат  

Орусияда дагы бир кыргыз кызы сабалды

 
Интернетте Орусияда келтектелген кыргыз кызы тууралуу жаңы тасма пайда болду. 16-декабрда социалдык тармактарга чыккан бул тасмада Айнагүл аттуу кызды "башка улуттун өкүлү менен жүрдү" деп кыргыз жигиттери көчөдө ур-токмокко алган. Окуя Москвада болгон, бирок тасма качан тартылганы белгисиз. 
Бүгүн, 17-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул боюнча иликтөө башталганын билдирди.
Эске салсак, 2012-жылы да “Патриот” кыймылынын мүчөлөрүбүз деген жигиттер тобуна кордолгон кыздар тууралуу тасмалар  интернетке жайылган. Алардын арасынан Сапаргүл деген айым “Супер-Инфо” гезитине жана SUPER.KG порталына маек куруп да берген болчу. Орусиядагы кыргыз кыздарын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнү үчүн келтектеген “Патриот” кыймылынын мүчөлөрүнө күч кызматкерлери тарабынан издөө жарыяланып, айрымдары колго түшкөнү да кабарланган. Бирок алардын соттолгон же соттолбогону тууралуу маалымат жок. 





"Патриоттор" дагы бир кыргыз кызын сабашты. (Эскертүү!!! Уят сөздөр менен сөгүнүшүп сүйлөшкөн!!!)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: