Баткен . Ленин атындагы орто мектепте Чыңгыз Айтматовго арналган кече болуп өттү
11- декабрда Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы орто мектепте Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кече болуп өттү. Иш-чарада аталган мектептин 11-классынын окуучулары арасында жазуучунун өмүр таржымалы, чыгырмачылыгы боюнча мелдеш болду. Мелдеште аңгеме айтуу, жазуучунун чыгармаларынан көрүнүш чагылдырып берүү, көркөм окуу, Айтматовдун чыгармалыры тууралуу обондуу ырларды аткаруу шарттары орун алды. Бул шарттарды аткарууда 11-"а" классы 1- орунду, 2-орунду 11-"в" классы, 3-орунду 11-"г" классы ээлешти. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер жана ардак громматалар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

