Жогорку Кеңеш 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды
Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары 2024-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуулап, кабыл алышты. Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.Министрлер кабинети алып келген документке ылайык, казынага түшө турган жалпы киреше 378,4 миллиард сомду, ал эми чыгаша 367,4 миллиард сомду түзөт. Бюджеттин профицити 10,9 миллиард сом болот.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров президент 2024-2025-жылдары мектеп тартыштыгы көйгөйүн толук чечүүнү тапшырганын айтты. Эми мыйзамдын долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















