Бишкекте 36 маршруттук каттамдын кыймылынын схемасы өзгөртүлдү (тизме)
Бүгүн, 18-декабрдан тартып Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө маршруттук каттамдардын кыймылдары токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.Маалыматка ылайык, бул каттамдар эми Киев, Токтогул, Фрунзе көчөлөрү менен каттайт.
"Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн участоктогу кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча бул чаралар маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынууда", - деп айтылат маалыматта.
Өзгөртүүлөр болгон каттамдагы бир катар коомдук транспорттор: №172, №169, №225, №163, №220, №203, №215, №136, №137, №104. , № 164, № 222, № 135, № 192, № 166, № 258, № 243, № 138, № 176, № 199, № 179, № 260, № 211, № 185, № 250, № 254, № 285, № 111, № 216, № 134, № 202, № 208, № 227, № 143, № 129 жана № 240.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















