Баткенде жалпы дарыгерлик практика борборунда тез жардам бөлүмү ачылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жалпы дарыгерлик практика борборунда тез жардам бөлүмү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, аталган борбордогу ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышына Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
"Министр оорукананын материалдык-техникалык абалы менен таанышып чыгып, мында бейтаптарга карата камкордук, шарт жагдайдын түзүлүүсү жана дарыгерлер менен кызматкерлердин кесиптик милдетин аткаруудагы ишмердүүлүктөрүн көрдү. Муну менен катар ал Кызыл-Кыя жалпы дарыгерлик практика борборундагы “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышты. Дарыкана жарандардын көптөгөн кайрылуу жана суранычынын негизинде уюштурулган", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Бейшеналиев жалпы оорукананын жамаатын келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, шаар мэри Асылбек Жоробаев менен бирге оорукананын короосуна арча көчөтүн тигишти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















