Орусияда КМШ лидерлеринин бейформал саммити башталды
Бүгүн, 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары бейформал саммитке чогулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.Маалыматка караганда, саммитке Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери чакырылган. Өлкө башчылары Санкт-Петербургдун ордо-парк комплекстерин кыдырып жүрүп баарлашууда.
"Бүгүн, күндүз КМШ лидерлери "Павловск" музей-коругуна келишти, андан соң Царское село жана Петергофто болушат. Экскурсиядан кийин президенттерге классикалык чыгармалардан турган концерт тартууланып, аны өлкө башчынын эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой алып барды. Бейформал саммит Стрельнадагы Константиновский сарайында жыйынтыкталат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, бул жолугушуу Орусия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен жыл сайын жаңы жыл алдында өтүп келген мамлекет жетекчилеринин эркин жыйыны.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















