Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
27-декабрынан 30-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Алар: Бишкек—Ош унаа жолунун
121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдары.
"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
УРМАТТУУ АЙДООЧУ! Жол коопсуздук эрежелерин так сактаңыз. Алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз", - деп жазылат билдирүүдө.
Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















