Садыр Жапаров жаңы жылдык эс алууну чет өлкөдө өткөрүп жатабы? Президенттин маалымат катчысы жооп берди
Президент Садыр Жапаров жаңы жылды үй-бүлөсү менен тосту. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы жаңы жылдагы эс алуу күндөрүн дагы үй-бүлөсү менен эле өлкөдө өткөрүүдө.
"Өлкө башчысы министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана тиешелүү мамлекеттик структуралардын жетекчилери менен дайыма байланышта. Керек болгон учурда президент аларды резиденцияга чакыра алат", - деп баса белгиледи Алагөзов.
Буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун чет өлкөдө эс алып жатканы тууралуу маалымат тараган. Айрымдар президент үй-бүлөсү менен Мальдив аралдарында эс алып жатканын жазышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















