Баткенде көмүр шахтадагы урандыдан 2 кен казуучу куткарылды
Баткенде урандыда калган 2 кен казуучу куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда ӨКМга Сүлүктүдөгү “Южный 3” шахтасында 2 кен казуучу урандынын астында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 18 куткаруучу тартылып, куткаруу иштери көмүр шахтанын 140 метр тереңдигинде жүргүзүлгөн.
Натыйжада 1992-жылы туулган И.Х. жана 1976-жылы туулган И.М аттуу жарандар куткарылып, “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген.
"Статистикага таянсак, Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарында соңку 2 жыл аралыгында куткаруучулар жалпы 94 куткаруу иштерине тартылып, анын ичинде 6 жарандын өмүрүн сактап калышкан", - деп айтылат маалыматта.
08.01.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















