Билим берүү министрлиги жетекчилик кызматтарга сынак жарыялады. Талаптар
Кечээ, 10-январда Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилик кызматтарына сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.Маалыматтарга караганда, каалоочулар документтерди ушул жылдын 10-январынан баштап, 23-январь күнү саат 18:00гө чейин тапшыра алышат.
Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган баракча (жашаган жеринин дареги жана байланыш телефон номерин жазуу керек);
- резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалым кат);
- билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
- 3х4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- окуу жайды өнүктүрүү боюнча иш планы;
- Дело №.
Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 257, Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















