Жалал-Абадда издөөдө жүргөн аял видеобайкоонун жардамы менен кармалды
Жалал-Абад шаарында издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Ички иштер министрлиги билдирди.Маалыматка караганда, адамдын жүзүн таануу функциясы бар видеобайкоо камераларынын жардамы менен Жалал - Абад облусунун тургуну Ш.Л. аттуу жаран кармалган.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо, билип туруп жалган расмий документти пайдалануу) боюнча издөөдө жүргөн.
"Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, бирок качып жүргөн", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















