Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгеге кошулду
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer - Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, бул программа Кыргызстанга балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле арзан жана керектүү дары-дармектерге жана технологияларга жеткиликтүүлүк, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо жакшырат.
"Демилге 2030-жылга чейин балдардын рак оорусунан сактануу деңгээлин кеминде 60 пайызга чейин жогорулатууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















