Мурас-Ордодо жоголгон 5 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
Мурас-Ордо конушунда изделип жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар баланы саат 15:57де аталган конуштагы арыктан табышып, жакындарына жана ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Буга чейин, ӨКМ аутизм оорусу менен ооруган 5 жаштагы бала изделип жатканын кабарлаган. Анда бул маалымат 14-январда 112 кызматына түшкөнү айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















