Депутат 3 жашар баланы куткарган Бектурга Ыраазычылык кат тапшырды (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов эрдик жасаган ӨКМнын куткаруучусуна Ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-январда эл өкүлү аталган министрликтин Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы менен жолугушкан.
"Жолугушуунун алкагында патриоттук сезимдер менен кызмат өтөгөн жалпы куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, ажатканага түшүп кеткен 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калган ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, капитан Шамшиев Бектурга Ыраазычылык кат тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 10-январда эрдик жасаган куткаруучуга ӨКМ кезексиз капитан аскердик наамын ыйгарганын билдирген. Окуя былтыр 20-сентябрда Оштун Кара-Суу районунунда катталып, Шамшиев ажатканага түшүп кеткен 3 жашар наристени алып чыккан.
16.01.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















