Бишкекте жол киреге болгон тариф кайсы учурда көтөрүлбөйт?
MegaPay тиркемеси аркылуу коомдук транспорттогу жол кире 11 сом боюнча калат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда мэрия билдирди.Маалым болгондой, Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире көтөрүлөт. Троллейбуста жана автобуста 17сом, накталай төлөм менен 20 сом болсо, ал эми маршруткаларда жол 20 сом болот.
Бирок, MegaPay тиркемеси аркылуу төлөгөндөр үчүн жол акысы 11 сомду түзөт. Анткени 6 сомду муниципалитетке MEGA мамлекеттик ишканасы кайтарып берет.
"Буга чейин шаар мэриясы MEGA мамлекеттик ишканасы менен меморандум түзгөн, ошондой эле башка кызыкдар компаниялар менен кызматташууну пландап жатат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 15-январда коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү 30-январга жылдырылганы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















