Кыргыз делегациясы мектептик билим берүүнү санариптештирүү боюнча Малазиянын тажрыйбасы менен таанышты
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген кыргыз делегациясы Малайзиянын мектептик билим берүүнү санариптештирүү процесстери менен таанышуунун алкагында Путраджайя шаарындагы мамлекеттик мектептин иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, делегациянын курамында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, президенттин Администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Медер Өмүркулов, президенттин Администрациясынын санариптештирүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев бар.
"Делегация Малайзиянын Билим берүү министрлигинде болуп, анда Санариптик технологияларды өнүктүрүү департаментинин жана Стандарттарды, окуу программаларын жана мазмунду иштеп чыгуу боюнча департаменттин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















