Бишкек мэриясы коомдук транспортто кимдер акысыз жүрө аларын айтты (тизме)
Жеңилдиктерге ээ болгондор муниципалдык коомдук транспортту акысыз пайдалана алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.Маалыматка ылайык, тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:
- пенсионерлер;
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптар;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- 7 жашка чейинки балдар;
- өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн "Кыргызпочтасы" мамлекеттик почта ишканасынын почтальондору.
Ошондой эле ал Бишкек шаарындагы пенсионерлер үчүн кичиавтобустук каттамдарда пенсиялык күбөлүккө жеңилдетилген картасы бар болсо, жол кире акысы 8 сом өлчөмүндө сакталып, бирок колдонуу мөөнөтү 9:00дөн баштап 17:00гө чейин кыскартылды.
Эске салсак, Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















