Алайда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылды
Алайда өткөн жылдын 19-декабрынан бери дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, былтыр 19-декабрда Жаңы-Алай айылынын Жаңы-Конуш көчөсүнүн тургуну 1985-жылы туулган А.И. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан 21-декабрь күнү түшкөн.
Ага ылайык, бүгүн, 17-январда издөө иштерин улантуу максатында Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан авариялык-куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 12:24 чамасында дайынсыз болгон жарандын сөөгүн табышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















