Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт
21-январда Бишкекте кулатуу эр таймаш боюнча Кыргызстандын ХХХI чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат:
Эркектер арасында: 52, 57, 61, 66, 71, 77, 84, 90, 93, 100, 110, 120, +120 килограмм салмакта;
Кыздар арасында: 46, 50, 54, 57, 61, 66, 71, 77, +77 килограмм салмакта.
"Мелдеш "Стронг" спорт комплексинде саат 9:00дө башталып, салтанаттуу ачылыш аземи саат 15:00дө болот. Дареги Курманжан Датка көчөсү 304", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















