Жер титирөө Кыргызстанда эң кооптуу "Кумтөрдө" болгон. "Кумтөр Голд Компани" билдирүү жасады
Бүгүн, 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдө Жети-Өгүз районундагы Кумтөр кенинде жабыркагандар болгон эмес. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому билдирди.Маалыматка ылайык, Кумтөр кенинде түндө болгон жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.
"Жер титирөө учурунда ишкананын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык иш алып барышты. Азыркы учурда кен кадимки, штаттык режимде иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ӨКМ бүгүн түнү болгон жер титирөө "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 баллга жеткенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















