Ошто таза суу долбоору ишке ашты
Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо көп жылдан бери негизги көйгөй болуп келген жана бул маселе этап-этабы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечилүүдө. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, 1-этапта эски иштебей турган 9 скважина калыбына келтирилип, жаңы 6 скважина бургуланып, суу чыгарылып, негизги суу түтүктөрүнө уланып, кошумча суткасына 24 миң куб суу алууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Ал эми 2-этапта сыйымдуулугу жалпы 24 миң метр куб болгон 4 суу кампасы курулуп, август айында пайдаланууга берилди.
Мындан тышкары Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып түшкөн жердин үстүнөн ашар жолу менен 8 миллион сом акча каражатына диаметри 1 000 миллиметр болгон 750 метр суу түтүкчөсү Озгур суу тазалоочу станциясына тартылды. Ал суу түтүгү аркылуу суткасына 45-50 миң куб суу станцияга толтурулат. Бул 6 миң метр куб 8 суу кампаны алмаштырат.
"3-этапта Азия Өнүктүрүү Банкынын гранттык каражатынын эсебинен Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып түшкөн жердин үстүнөн 2,4 километр болгон аралыкка диаметри 1 000 миллиметр болгон суу түтүгүн орнотуу жана жаңы суу коргонун куруу менен “Ош шаар сууканал” муниципалдык ишканасынын плотинасына кошуу долбоорун ишке ашыруу жумуштары башталды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















