Балет артисти Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгы белгиленет
Балет артисти Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 26-январда саат 18:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, белгилүү балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдык мааракеси белгиленет.
Иш-чаранын алкагында театрдын солисттери жана балет артисттери, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары, Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик "Ак Марал" бий ансамблинин артисттери өнөр тартуулашары айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















