Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери Түркияга бекер окууга кетишти
Бүгүн, 24-январда Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билим, практикалык тажрыйба алуу үчүн Түркияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.Маалыматка ылайык, 13 адистен турган топ: хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар 3 айлык мөөнөткө Түркиянын Инөнү университетине кетишти.
Алар аталган окуу жайда бекер окуудан өтүшүп, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушары айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















