Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды
Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 26-январга караган түнү саат 01:00 чамасында издөөдө жүргөн 2001-жылы туулган Т. Э аттуу жаран Бишкек шаарынан Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылына бара жаткан жеринен табылган.
"24-январда Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдер жана сумкасы табылган.
ӨКМнын суучулдары тарабынан 21 куткаруучу, ИИМдин 19 кызматкери, Кумбел айыл өкмөтүнөн 5 адамдан турган топ көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















