Сузакта унаа айдай качкан 24 жаштагы жигит кармалды
Сузакта автоунаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жалал-Абад ОИИБинен кабарлады.Маалыматка ылайык, былтыр 29-августта милицияга Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 29 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 29-августка караган түнү үйүнүн алдында турган Деу Матиз унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 25-январда 24 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.А. кармалып, убактыуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















