Ошто бир күн мурун үй камагына чыккан жигит кайра уурулукка кирди
Ош шаарында үй камагына чыккан жаран бир күндөн кийин эле уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.Милициянын маалыматына ылайык, 21-январь күнү Ош шаарындагы Жумабаев көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө ууру киргендиги тууралуу аталган дүкөндүн ээси арыз менен кайрылган. Уурулук 20-январдан 21 январга караган түнү жасалган. Арыздануучу өз арызында дүкөндөн жалпы баасы 27 миң сомду түзгөн 2 даана ноутбук жана кассадан 25 миң сом акча жоголгондугун билдирген.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургуну 2006-жылы туулган К.С. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Тергөө иштери уланууда.
"Шектүү буга чейин өзүнүн дагы 2 кылмыштуу шериктери менен башка бир нече дүкөндөргө уурулукка киришкендиги үчүн кармалышып, 19-январь күнү үй камагына чыккан экен. Бир күндөн кийин, тагыраак айтканда 20-январдан 21-январга караган түнү кайрадан уурулук иштерин жасаган", - деп билдиришти Ош ШИИБден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















