"Кирүү акысыз". Бишкекте жана Ошто заманбап индия бий кечеси өтөт
1-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда заманбап индия бий кечеси өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, ушул эле бий кечеси Ош шаарында 3-февралда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында да тартууланат.
"Бул маданий программа өлкөнүн жана Индиянын Маданият министрлигинин ортосундагы 2022-2026-жылдарга карата Маданий алмашуу программасын алкагында ишке ашырылат.
Кече Индиянын өлкөдөгү элчилиги менен биргеликте доктор Рекха Мехра жетектеген “Урваши” маданият жана искусство, бий жана музыка коому тарабынан уюштурулду", - деп жазылат анда.
Кечелер саат 18:00дө башталып, кирүү акысыз экени айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















