"Таза иппон!". Эрлан Шеров Париждеги эл аралык мелдеште коло байге утту (видео)
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өткөн "Гранд-Слэм Париж" эл аралык мелдешинде коло медалга ээ болду.Дзюдочу беттешти 1/16 финалдан баштап, беларустук балбанды жеңген. Андан соң 1/8 финалда монголиялык спортчуну жеңсе, чейрек финалда азербайжандык дзюдочуга жеңилип, көңүл жубатуучу беттешке чыккан. Анда ал бельгиялык балбанды утуп, коло байге үчүн болгон күч сынашта бразилиялык балбанды жеңген.
Турнир Францияда 2-4-февраль күндөрү өтүп, Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта катышты.
05.02.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















