Ысык-Көлдө тоого лыжа тепкени кеткен чет элдик жарандын сөөгү табылды
Бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылындагы тоодо чет элдик жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.Маалыматка караганда, 53 жаштагы чет өлкөлүк киши 5-февралда тоого лыжа тепкени кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Аны издөө иштерине ӨКМнын 15 куткаруучусу дрон менен чыгып, бүгүн болжолдуу саат 12:45те анын сөөгүн кар көчкүнүн алдынан табышкан. Ал Франция өлкөсүнүн жараны экени белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















