Өлкө 60 чет өлкөлүк жаранга пенсия чегерди
Өлкө ЕАЭБдеги макулдашуунун алкагында 60 чет өлкөлүк жаранга пенсия төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Социалдык фонд билдирди.Маалыматка караганда, Орусиянын 51, Казакстандын 8 жана Беларустун 1 жаранына пенсия чегерилген. Ал эми Орусия биздин 33 жаранга пенсиянын бир бөлүгүн чегерген.
Эске салсак, 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндөгү макулдашуусу 2021-жылдан тарта күчүнө кирген. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер: Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары ЕАЭБ аймагында эмгекчи болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















