Жалал-Абадда 20 жашар кызга өз үйүндө кол салып, телефонун тартып алууга шектүү жаран кармалды
Жалал-Абад шаарында тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда облустук милициядан билдирди.Маалыматка караганда, 6-февралда саат 13:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринин дарбазасынан белгисиз жигит ашып өтүп, 20 жаштагы кызды уруп, анын iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1992-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Анын 2013-жылы Базар-Коргон райондук соту тарабынан "Тоноо" беренеси менен 7 жылга соттолгондугу маалым болду.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















