Кыргызстандык боксчу Болгарияда өткөн эл аралык мелдеште алтын алды
Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев София шаарында (Болгария) өткөн "Странджа Кубогу-2024" Эл аралык мелдешинин чемпиону аталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.Маалыматка ылайык, спортчу 48 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утса, жарым финалда Сахил Аллахвердовду жеңген.
"Алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини жеңип Эл аралык мелдештин алтын медалына ээ болду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, курама команда "Странджа Кубогу-2024" Эл аралык мелдешине машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















