Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулу көбөйтүлдү
Аксы окуясында жабыркагандардын жөлөк пулу 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин токтому менен ушул жылдын 5-февралынан тартып 2002-жылы болгон Аксы окуясында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлөт.
"Жөлөк пулдун өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго жогорулады. Кошумча жөлөк пулдун бул түрүн алуучуларга, 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып кайра эсептөө жана төлөө жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















