Бостериде тоого кетип келе албай калган балдар куткарылды
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Тегерек жайлоосуна кетип, кайра келе албай калган балдар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.Кечээ, 13-февраль күнү кечинде Бостери айылынын Тегерек жайлоосуна 4 өспүрүм бала чыгышкан. Балдардын бири кулап, бутун оорутуп алып тоодон түшө албай калышкан.
Өз алдынча тоодон түшүүгө аракет кылган балдар суукта үшүп, жардамга муктаж экендигин билдирген.
Мындан улам Ысык-Көл райондук ӨКБдан жерине тез арада 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.
Издөөнүн натыйжасында бутунан жаракат алган бала жана шериктери аман-эсен табылып, Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















