"Ош базардын" жанынан 2 жигит милиция кызматкерине таш ыргытышты (видео)
Бишкекте милиция кызматкерлерин таш менен уруп, бейбаштык кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Билдиргендей, 3-февралда болжол менен саат 16:45 чамасында милиция кызматкери Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук тартипти одоно бузуп, спирт ичимдиктерин ичип жаткан 3 адамга эскертүү берген. Берилген эскертүүгө карабастан алардын экөөсү милиция кызматкерине таш ыргытышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Р. жана 1998-жылы туулган Ы.Б. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
14.02.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















