Өмүрбек Абдрахманов: "Ветеринар адистерине наам бергенден көрө, бул тармак боюнча жаңы мыйзам жазуу керек",- дейт
"Ветеринар адистерине наам бергенден көрө, бул тармак тууралуу жаңы мыйзам жазып чыгыш керек. Маселенин чечүү жолун карап жатабыз. ipb`нин "форум поддержкисине" кат жаздык". Мындай пикирди ЖКнын бүгүнкү 12-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов айтып чыкты. "Бакиевдин убагында жүздөгөн адам кошоматчылык кылып, ушул сыяктуу наамдарды алышып, алар азыр 60 миң сомдон пенсия алышат экен. Жөнөкөй адамдардын пенсиясы болсо 2 миң сом. Бул мыйзам долбоорун колдоого болбойт. Андан көрө ветеринария тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун карап чыгышыбыз керек",- деди Абдрахманов. Белгилей кетсек, ЖКда ветеринар адистерине "Эмгек сиңирген ветеринардык врач" наамын берүүгү багытталган мыйзам долбоору талкууланды.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















