Бишкекте №2 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү
Бишкекте 2024-жылдын 22 - февралынан баштап “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №2 автобус каттамынын схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.Мындай чечим “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын жана Көк-Жар конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.
"№2 автобус Үмүт конушунан Мыскал, Юбилейный, Ленинский, Фучик, Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Московский, Ж.Гвардия, Л.Толстой (инфекционная больница), Логвиненко, Панфилов, Горький, 7-Апрель, Ахунбаев, Арстанбап, Куланак көчөлөрүн камтып Көк-Жар конушуна чейин каттайт", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, узундугу 36 километр, автобустардын аралыгы 8-10 мүнөт. Бул линияга 20 автобус чыгат.
Белгилей кетсек, бул иш-чара шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















