"Баатыр эне" ордени менен сыйлангандар канча сом жөлөк пул алары айтылды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча "Баатыр эне" орденин ыйгаруу президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын карамагында болот жана мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда аталган министрликтен билдиришти.Маалыматка ылайык, пенсияга укугу жок жарандар пенсия курагына жеткенде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен төлөмдөрдү алышат. Анын ичинде "Баатыр эне" ордени менен сыйланган аялдар.
"Ушул жылдын 1-февралына карата пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон 112 баатыр-эне 3000 сом өлчөмүндө ар айлык социалдык жөлөк пул алат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















