Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылган 19 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте телефон аркылуу алдамчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ички иштер министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, Т.Р. аттуу жаран Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучуга 11-январда WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн Мбанктын кызматкери катары тааныштырып, ага коопсуздук маселесине көмөк көрсөтүүнү сунуштаган.
Ошол учурда жабырлануучунун эсебинен 1 миң 400 доллар жоголуп, анын тиркемеси аркылуу эки банктан 119 600 сом болгон насыя алынган. Жабырлануучуга жалпы 244 643 сом зыян келтирилген.
Шектүү 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран 25-февралда кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















