Жалал-Абадда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз табылды
Жалал-Абадда 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айбийке табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-мартта облустук милиция кабарлады.Маалыматка ылайык, Айбийке Таш-Көмүр шаарынан табылган. Учурда аны Жалал-Абад шаарына милиция кызматкерлери алып келе жатышат.
Эске салсак, Айбийке 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында окуудан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Буга байланыштуу 29-февралда милици аны табуу үчүн коомчулукту көмөктөшүүгө чакырган маалымат тараткан.
"Маалымат ЖМК жана социалдык тармактарга жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандардан Айбийке тууралуу маалыматтар милицияга келип түшкөн", -деп айтылат маалыматта.
Милиция кайдыгер карабай маалымат бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















