Кадамжайда 68 жаштагы Орозбай Сапаров изделүүдө. Ал 2016-жылдан бери дайынсыз
Кадамжайда 8 жыл мурда жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы кабарлады.Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Жеңиш (мурдагы Халмион) айылынын тургуну 1956-жылы туулган Сапаров Орозбай 2016-жылдын июнь айларында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Бул фактыны райондук милиция каттоого алып, 2016-жылы издөө иштерин ачкан.
Сапаров Орозбайдын дене түзүлүшү арык чырай, көздөрү кара, бою 170-175 сантиметр, психикалык жактан жабыркабайт. Өзгөчө белгилери: оң кашынын үстү жагында 1-1,5 сантиметр өлчөмүндө тырыгы бар.
Дайынсыз жоголгон 68 жаштагы Сапаров Орозбай тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранабыз.
Байланыш номерлери: 102, 03655 5-02-29, 0701026968
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















