Токтогулда адам сабоого шектелген үчүнчү жаран кармалды
Токтогулда ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча үчүнчү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.Маалыматка ылайык, былтыр 3-ноябрда 1981-жылы туулган район тургунун бейтааныш балдар ур-токмокко алып, денесине жараат келтирип, ал алган жараатынан улам ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен жабырлануучу денесинен оор жараат алгандыгы аныкталган.
Буга байланыштуу Токтогул районунун 2 тургуну кармалып, камакка алынган. Ал эми окуянын үчүнчү катышуучусу тергөөгө келбей изин жашырып жүргөн.
"2024-жылдын 16-мартында милиция кызматкерлери жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелген үчүнчү жаран, Токтогул районунун тургуну 2004-жылы туулган К.А. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















