Бүгүн өлкө аймагында кайрадан жер титирөө катталды
Өлкө аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:12де өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер силкинүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 9:47де Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Коңшу өлкөдөгү жер силкинүүнүн толкуну Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 баллга чейин сезилсе, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга чейин байкалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















