"Ош базардын" жанындагы соода борбор өрттөнүүдө
Бүгүн, 25-мартта Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Чүй кең көчөсүндө жайгашкан соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.Маалыматка ылайык, өрт борбор калаанын "Ош базарынын" жанындагы "Эне-Өргөсү" соода борборунда болжолдуу саат 09:30да катталды. Окуя болгон жерге төрт өрт өчүрүү бөлүмү жана ӨКМнын штабы барган.
"Жалынды өчүрүүгө саат 9:31де Биринчи Май райондук №4 Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 1, кошумча саат 09:37де 3 бөлүм жана штаб тартылган. Жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















