Издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиядан кармалды
Алдамчылык фактысы менен издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Баткен ОИИБинен билдирди.Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында 2001-жылы туулган жарандын iPhone 13 Pro телефонун 2002-жылы туулган А.Б. сүйлөшүп алуу үчүн сураган. Андан соң ал сүйлөшүп жаткан түр көрсөтүп, байкатпастан качып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга 60 миң сом зыян келгендиги аныкталып, качып кеткен жаранга издөө жарыяланган.
Кызыл-Кыя шаардык милициясы Орусиядагы кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн иштеринин натыйжасында издөөдө жүргөн А.Б. кармалып, өлкөгө алынып келинген.
Учурда шектүү убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















