Токтогулда 30 баш кой карызга алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды
Токтогулда 30 баш койду карызга алып, акчасын бербей жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.Маалыматка ылайык, Токтогул райондук милициясына Чүй облусунун 56 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал былтыр 5-октябрда Боря аттуу таанышы 30 баш коюнун ар бирин 13 500 сомдон баалап, акчасын 25-декабрга чейин берем деген убада менен алганын айткан. Натыйжада арыз ээси 405 миң сомдук материалдык чыгым тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Токтогул районунун тургуну 1982-жылы туулган Б.Б. кармалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















